“СЕЙТЕК” БОРБОРУНДА ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫНА АРНАЛГАН КОНЦЕРТ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

28 Январь 2026 ж. 14:55

Көрүлдү: 108

2026-жылдын 27-январында “Сейтек” улуттук балдар жана жаштар борборунда Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 82 жылдыгына арналган концерт уюштурулду.

post.title

Концертте блокаданын оор күндөрүнө жана ленинграддыктардын каармандыгына арналган адабий-музыкалык программа 700гө жакын окуучу, студент жана аскердик окуу жайлардын курсанттары үчүн тартууланды.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов жана Кыргыз Республикасындагы Орусия Федерациясынын элчилигинин кеңешчи-өкүлү Екатерина Чистова катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар