Автор: Маалыматтык саясат сектору
28 Январь 2026 ж. 11:28
Көрүлдү: 143
2026-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Ага Хан фонду менен жолугушуу болуп өттү. Анда мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоор талкууланды. Жолугушууга агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова жана Кыргыз Республикасындагы Ага Хан фондунун башкы директору Давлатсултон Доргабекова катышты.
Долбоордун алкагында тарбиячыларды жана бала бакчалардын жетекчилерин жаңы эрте курактагы балдардын өнүгүүсү боюнча мамлекеттик стандарттарга ылайык окутуу пландалууда. Ошондой эле ар бир баланын индивидуалдык муктаждыгына багытталган, инклюзивдүү жана сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшкөн иш-аракеттер каралган.
Белгиленгендей, долбоор Ага Хан фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан, анын ичинде Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча республикалык институту, Кыргыз билим берүү академиясы, райондук билим берүү бөлүмдөрү жана Бишкек педагогикалык институту менен биргеликте ишке ашырылат.