ПЕДАГОГИКАЛЫК АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО ЖАНА АЛАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

27 Январь 2026 ж. 14:03

Көрүлдү: 502

2026-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматованын, ошондой эле педагогикалык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жана өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

post.title

Жыйында педагогикалык адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, жаңы кабыл алынган мамлекеттик жана предметтик стандарттар боюнча окутууларды уюштуруу, педагогикалык жана методикалык коштоону күчөтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары эл аралык менторлорду жана тренерлерди тартуу, педагогикалык адистиктерде билим алып жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле STEM багытындагы англис тилдүү мугалимдерди даярдоо маселелери каралды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мугалим билим берүү системасынын негизги өзөгү экенин белгилеп, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын кесиптик өнүгүүсү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин билдирди. Ал бул жаатта бардык тараптардын бирдиктүү, системалуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева педагогикалык кадрларды даярдоодо дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу зарылдыгын белгилеп, педагогикалык университеттер мугалимдерди даярдоодо негизги флагман катары өзгөрүүлөрдүн алдында жүрүшү керектигин айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар