Автор: Маалыматтык саясат сектору
27 Январь 2026 ж. 12:03
Көрүлдү: 188
2026-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Реми Дюфло менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр өлкөнүн мектептик билим берүү системасында билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоого жана жаңы демилгелерди киргизүүгө багытталган терең трансформациялык иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Билим берүү стандарттары жана нормативдик-укуктук актылар кабыл алынып, кийинки этапта педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулары айтылды.
Европа Бирлигинин Элчиси Реми Дюфло 12 жылдык билим берүүгө өтүү балдардын келечегине салынган инвестиция экенин белгиледи. Анын айтымында, реформаларга карата каршылыктын болушу кадимки көрүнүш болуп саналат жана өзгөрүүлөр чындап жүрүп жатканын далилдейт. Ошондой эле ал жумушчу топторду түзүү өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу форматы экенин белгилеп, Twinning программасынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, Европа Бирлиги билим берүү реформаларын мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле «Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүү боюнча контракт» долбоорун ишке ашыруу процесси тууралуу пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында мугалимдер жана окуучулар үчүн чет тилдер боюнча окуу-усулдук колдонмолорду талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында биргелешкен жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Тараптар диалогду улантууга жана учурдагы долбоорлор аяктагандан кийин жаңы сунуштарды кароого макулдашты.