Автор: Маалыматтык саясат сектору
27 Январь 2026 ж. 10:35
Көрүлдү: 174
2026-жылдын 16–26-январь күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарында «Сириус» билим берүү борборунун базасында Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын командаларынын катышуусунда «Биология боюнча курама команданын талапкерлери үчүн мектеп» аталышындагы окуу-машыгуу лагери өттү.
Кыргыз Республикасынан биология боюнча улуттук курама команданын 8 окуучусу катышып, аларды биология боюнча Улуттук олимпиаданын мүчөсү жана машыктыруучусу Нурсултан Увалиев коштоп барды.
Лагердин программасы негизинен практикалык даярдыкка багытталып, биохимия; адам жана жаныбарлардын физиологиясы; эволюция, экология жана биосистематика багыттарын камтыды. Мындан тышкары, теориялык сабактар өтүп, олимпиадалык тапшырмалар талданды.
Окуучуларыбыздын мындай эл аралык окуу-машыгуу иш-чараларына катышуусу олимпиадалык кыймылды өнүктүрүүгө, табигый илимдер боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана эл аралык олимпиадаларга атаандаштыкка жөндөмдүү катышуучуларды даярдоого өбөлгө түзөт.