АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ «ЗАМАНБАП МУГАЛИМ» ПРОГРАММАСЫНА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛГАНЫН ЖАРЫЯЛАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Январь 2026 ж. 17:45

Көрүлдү: 508

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги «Teach for Kyrgyzstan – Заманбап Мугалим» программасына ачык кабыл алуу башталганын маалымдайт. Программа аймактардагы мектептерди колдоого жана жаңы муундагы мугалим-лидерлерди даярдоого багытталган.

post.title

Программага педагогикалык тажрыйбасы жок, бирок билим берүү тармагында иштөөгө кызыккан ар кандай кесиптин өкүлдөрү катыша алышат. Катышуучулар эки жыл бою айыл жана чакан шаарлардагы мектептерде иштеп, ошол эле учурда заманбап мугалимдик жана лидерлик көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.

Программанын алкагында катышуучулар Борбордук Азиядагы Эл аралык университети менен биргеликте уюштурулган акысыз магистрдик программада билим алышат. Окуу процесси гибрид форматта өтүп, онлайн сабактар офлайн сессиялар менен айкалышат. Программаны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана эл аралык форматтагы магистр дипломун алышат.

Катышуучуларга расмий жумушка орношуу, стипендия, тажрыйбалуу педагогдордон насаатчылык жана туруктуу методикалык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле жеке билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана эл аралык Teach For All тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк берилет.

Программага кимдер катыша алат:
– жогорку билими бар жарандар;
– эки жыл аймактагы мектептерде иштөөгө даяр;
– балдар менен иштөөгө кызыккан жана кесиптик өнүгүүгө умтулган талапкерлер.

Өтүнмөлөр 2026-жылдын 25-майына чейин кабыл алынат.

📌 Өтүнмө берүү: www.teachforkyrgyzstan.org
📌 Кошумча маалымат: Teach for Kyrgyzstan расмий сайты жана Instagram баракчасы

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар