ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Январь 2026 ж. 15:20

Көрүлдү: 201

2026-жылдын 20-23-январь күндөрү Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларындагы, ошондой эле Ак-Суу районундагы жалпы билим берүү мектептеринде зомбулуктун, жугуштуу оорулардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

post.title

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 19-январындагы №13/1 буйругунун негизинде уюштурулуп, ага Агартуу министрлигинин тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Ички иштер министрлигинин балдар иштери боюнча инспекциясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Дин жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү, мектеп директорлору, социалдык педагогдор, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Жыйындардын жүрүшүндө адистер өз ыйгарым укуктарынын чегинде тематикалык баяндамаларды жана презентацияларды сунушташты. Ошондой эле катышуучуларга санариптик платформалар аркылуу даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлүп, мугалимдерге практикалык колдонууга арналган методикалык колдонмолор жана презентациялар таратылды.

Аталган профилактикалык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы мектептерде мындан ары дагы улантылат.

Иш-чаралардын негизги максаты — мектеп окуучуларынын арасында зомбулуктун, радикализмдин, экстремизмдин, баңги заттарды колдонуунун, эрте никенин, алдамчылыктын жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, ошондой эле уңгужол доктринасын, жарандык иденттүүлүктү, улуттук баалуулуктарды жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар