Автор: Маалыматтык саясат сектору
26 Январь 2026 ж. 14:53
Көрүлдү: 216
Бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде мамлекеттик тилдин колдонулушу жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын билим берүү тармагында аткарылышы боюнча жыйын өттү. Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле министрликтин кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышы, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилдин колдонулушу, кызматкерлердин тилдик компетенциясын жогорулатуу, билим берүү уюмдарындагы окутуу жана тарбиялоо тили, окуу китептерине байланыштуу маселелер, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана ведомстволор аралык кызматташтык маселелери талкууланды.
Өз кезегинде Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тилдин калыптанышы түздөн-түз билим берүү системасы менен байланыштуу экенин белгилеп, бул багытта тил комиссиясы менен Агартуу министрлигинин тыгыз кызматташуусу өзгөчө маанилүү экенин айтты.