Автор: Маалыматтык саясат сектору
26 Январь 2026 ж. 13:41
Көрүлдү: 389
2026-жылдын 23–24-январында Бишкек шаарында санариптик сабаттуулукту өнүктүрүүгө жана мектептик билим берүүдө санариптик чечимдерди жана материалдарды практика жүзүндө колдонууга арналган «Санариптик көндүмдөр: өмүр бою билим алуу» аталышындагы форум өттү.
Форумга өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашуун информатика мугалими, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Дүйнөлүк банктын, Кыргыз билим берүү академиясынын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жана IT секторунун өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева форумдун ачылышында ар бир мугалимдин санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу билим берүүнү санариптештирүүнүн негизги шарттарынын бири экенин билдирди.
Ал дүйнөдө информатика предмети «китептик» ыкмадан санариптик платформалар жана интерактивдүү материалдар аркылуу окутууга өтүп жатканын, бул окуу мазмунун үзгүлтүксүз жаңылоого жана практикалык жактан жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берерин айтты.
Форумда катышуучулар окуу процессин башкаруу үчүн санариптик платформаларды колдонуу жана мектептерде алардын практикалык колдонулушун кеңейтүү боюнча сунуштар менен бөлүштү.
Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук адиси Гүлмира Султанова жана улук экономисти Саурав Дев Батта «Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун жыйынтыктарын жана долбоордун катышуучулары болгон мугалимдер менен окуучулардын санариптик көндүмдөрүн баалоонун жыйынтыктарын сунушташты.
«Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору Кыргыз Республикасындагы мугалимдердин жана окуучулардын санариптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган. Пилоттук долбоор «Келечек үчүн билим берүү» долбооруна катышкан 1 200 мектептин ичинен 150сүн камтыды. Долбоордун алкагында окуучулардын да, мугалимдердин да санариптик компетенцияларын баалоо куралдары иштелип чыгып, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
Ошондой эле форумда «Тунгуч» онлайн-мектебинин концепциясы, билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу жана жаңы улуттук билим берүү платформаларынын мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.