ЭТНОГРАФ, УЗ-ЧЕБЕР АЙДАЙ АСАНГУЛОВА МЕЗГИЛСИЗ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Январь 2026 ж. 11:32

Көрүлдү: 218

Кыргыз маданияты жана агартуу тармагы орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын маданият ишмери, этнограф, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, “Кийиз Дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Бектемир кызы Асангулова 2026-жылдын 25-январында 48 жаш курагында оорудан улам көз жумду.

post.title

Айдай Асангулова улуттук кийимдерди, кийизчилик өнөрдү, салттуу оймо-чиймелерди, боз үй маданиятын жана кыргыз элинин руханий мурасын терең изилдеп, аларды заманбап нукта кайра жандандырууга өзгөчө салым кошкон. Ал кыргыз этностилин сактоо менен катар аны кеңири коомчулукка жана эл аралык деңгээлге таанытууга багытталган бир катар чыгармачылык жана агартуу долбоорлорду ишке ашырган.

Маркум “Кийиз Дүйнө” коомдук фондун жетектеп, мектептер үчүн окуу материалдарын иштеп чыгып, жайкы лагерлерди, фестивалдарды жана өспүрүмдөргө багытталган улуттук тарбиялык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келген. Анын демилгелери жаш муундун маданий аң-сезимин калыптандырууга олуттуу таасир этти.

Кыргыз Республикасынын Агартуу  министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана маданият коомчулугуна терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар