АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ПРОГРАММАНЫН АТКАРЫЛЫШЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Мектептеги билим берүү башкармалыгы

22 Январь 2026 ж. 18:03

Көрүлдү: 74

21–22-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде «Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу» программасынын алкагында семинар өттү.

post.title

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Альберт Махметкулов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Анна Даутович, ошондой эле өнөктөш жана ведомстволук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева билим берүү системасын формалдуу мамиледен натыйжага багытталган моделге өткөрүүнүн зарылдыгын, анын борборунда баланын кызыкчылыктары жана коопсуздугу турушу керектигин айтты. Анын айтымында, инклюзивдик билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсү педагогдорду сапаттуу даярдоосуз, методикалык коштоону күчөтүүсүз, зомбулуктун алдын алуусуз жана билим берүү чөйрөсүндө этикалык нормаларды сактоосуз мүмкүн эмес. Ал ошондой эле мугалимдерди кесиптик колдоо жана коргоонун натыйжалуу системасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө Агартуу министрлиги, ЮНИСЕФ жана Ислам өнүктүрүү банкы биргелешкен долбоордун аткарылышын талкуулап, мындан аркы кадамдарды макулдашты. Тараптар программанын негизги иш-чараларын аныктаган иш планды карап чыгышты.

Ошондой эле семинарда инклюзивдик окуу материалдарын иштеп чыгуу жана педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча эки негизги багытка өзгөчө көңүл бурулду. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана жалпы билим берүү мектептеринин 500 миңге жакын окуучусу сапаттуу окуу материалдарына жеткиликтүүлүк алат деп пландалууда.

Мындан тышкары, 11 миңден ашуун мугалим компетенттүүлүккө негизделген окутуу методдорун билим берүү процессине киргизүү үчүн кошумча окуудан өтө алары белгиленди. Ошондой эле инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жана бул багыттагы улуттук саясий документти иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар