5 ПРЕДМЕТ БОЮНЧА УЛУТТУК ОЛИМПИАДАНЫ ӨТКӨРҮҮ ГРАФИГИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

22 Январь 2026 ж. 14:07

Көрүлдү: 411

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын графиктери тууралуу маалымдайт.

post.title

Улуттук олимпиаданы уюштуруунун максаты — зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгууларын арттыруу.

Ошондой эле математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат.

Олимпиада төрт этапта өткөрүлөт. I жана II этаптар онлайн режиминде, III жана IV этаптар офлайн режиминде жүргүзүлөт.

Химия, биология жана физика боюнча олимпиада IV этапта эки тур менен өткөрүлөт: теориялык жана практикалык.

Математика боюнча:

I этап – 1-февраль, саат 10:00–12:00
II этап – 28-февраль, саат 10:00–12:00
III этап – 9–10-март, саат 9:00–14:00
IV этап – 1–2–3-апрель, саат 9:00–15:00

Физика боюнча:

I этап – 31-январь, саат 10:00–13:00
II этап – 21-февраль, саат 09:00–13:00
III этап – 12-март, саат 09:00–14:00
IV этап – 4–5–6-апрель, саат 9:00–15:00

Химия боюнча:

I этап – 1-февраль, саат 14:00–16:30
II этап – 21-февраль, саат 14:30–17:00
III этап – 15-март
IV этап – 1–2-апрель

Биология боюнча:

I этап – 31-январь, саат 10:00–12:00
II этап – 14-февраль, саат 10:00–12:00
III этап – 14-март, саат 10:00–13:00
IV этап – 4–5-апрель

Информатика боюнча:

I этап – 31-январь
II этап – 22-февраль
III этап – 13-март
IV этап – 7–8–9-апрель

Олимпиадага I этапта классына жана менчик формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык каалоочулары катыша алышат. Катышуу акысыз.

Катышуучулар олимпиада башталганга чейин I этапка https://kundoluk.edu.gov.kg/ дареги аркылуу онлайн же жеке аккаунтундагы “E-Kundoluk” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз беришет.

Толук маалымат үчүн телеграм-каналдар:

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар