ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

21 Январь 2026 ж. 18:24

Көрүлдү: 257

Бүгүн, 21-январда Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин орун басары Надира Джусупбекованын катышуусунда инклюзивдик билим берүүнү жакшыртуу маселелерине арналган жумушчу жыйын өткөрүлдү.

post.title

Жыйынга Т. Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институттун окутуучулары, ошондой эле билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө музыкалык-педагогикалык институттун окутуучусу Салтанат Агзымова кыргызстандык делегациянын Португалия жана Литва өлкөлөрүнө жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча презентация жасап, аталган мамлекеттердеги инклюзивдик билим берүүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен тааныштырды.

Ошондой эле эл аралык тажрыйбаны Кыргызстандын инклюзивдик билим берүү системасына адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жыйындын соңунда министр инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар