Автор: Маалыматтык саясат сектору
21 Январь 2026 ж. 16:35
Көрүлдү: 274
Бүгүн, 21-январда, “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды.
Борбордон үйлүү болуп, үй-бүлөсү менен кубанып турган Элзат Асанованын беш баласы бар. Ал улуу кызы азыр 9-класста окуй турганын айтып, келечекте балдары окууга келгенде бул үй алардын туруктуу очогу болорун билдирди.
Элзат эжей Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Ал “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын райондук жана облустук этаптарынан ийгиликтүү өтүп, республикалык турда баш байгени утуп алган.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Элзат Асановага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге сертификат тапшырган.
Аталган конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтомуна ылайык уюштурулуп, облустук жана шаардык этаптарда мыкты деп табылган 111 мугалим республикалык турга жолдомо алган.