Автор: Маалыматтык саясат сектору
20 Январь 2026 ж. 17:13
Көрүлдү: 273
Бүгүн, 20-январда, Ош облусунун Өзгөн шаарындагы Бабур атындагы мектепте жаңы заманбап спорт комплексинин ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Өзгөн шаарынын тургундары катышты.
Жаңы спорт комплекс жергиликтүү жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен курулуп, жасалгалоо иштери толук аяктаган. Объекттин жалпы сметалык наркы 27 млн 736 миң сомду түзөт.