Автор: Маалыматтык саясат сектору
20 Январь 2026 ж. 16:51
Көрүлдү: 238
20-январь күнү Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарындагы жаңы “Жеткинчек муун” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына катышты.
Ошондой эле иш-чарага агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов ж.б. катышты.
Балдар үчүн заманбап шарттар түзүлгөн бала бакча 110 орунга ылайыкталган. Анын курулушу 2023-жылы башталган.