Автор: Маалыматтык саясат сектору
20 Январь 2026 ж. 14:27
Көрүлдү: 257
Бүгүн, 20-январда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ош шаарындагы “Асан-Үсөн” бала бакчасынын 100 орундуу кошумча имаратынын ачылыш аземине катышты.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, бала бакчанын жамааты жана ата-энелер катышты.
Маалымат үчүн: Аталган бала бакчанын мурдагы имаратынын эскилиги жеткендиктен, кошумча 100 орундуу жаңы заманбап имарат курулду. Ошондой эле эски имарат толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, терезелери жаңыланып, фасады оңдолду. Балдар үчүн оюн аянтчалары, беседкалар жана отургучтар орнотулду.