Автор: Маалыматтык саясат сектору
19 Январь 2026 ж. 12:45
Көрүлдү: 383
2026-жылдын 16-январында Жаш окумуштуулардын эл аралык лагерине даярдык көрүү боюнча жумушчу топ Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинде көчмө жыйын өткөрдү.
Эл аралык лагерь Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгы алдындагы иш-чаралардын алкагында өткөрүлөт. КР Агартуу министрлиги лагерди 2026-жылдын июль айында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мектеп окуучуларынын арасында өткөрүүнү мерчемдөөдө.
Жыйында катышуучулар негизги уюштуруучулук жана мазмундук маселелерди талкуулап, алдын ала иш-чаралар планын бекитишти.
Лагерди өткөрүүнүн практикалык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду. Жумушчу топтун мүчөлөрү лицейдин окуу жана лабораториялык базасы менен таанышып, техникалык жабдуулардын абалын, катышуучуларды жайгаштыруу шарттарын жана коопсуздук маселелерин карашты.
Ошондой эле логистика, программалык мазмун, эл аралык эксперттердин жана насаатчылардын катышуусу, ШКУга мүчө өлкөлөрдөн келген жаш окумуштуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери каралды.
Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча лагерге даярдык көрүү үчүн зарыл болгон кошумча тапшырмалар менен иш-чаралардын тизмеси түзүлдү. Иш-чараны уюштуруу боюнча иштер жетишилген макулдашууларды эске алуу менен пландуу режимде улантылат.
Жаш окумуштуулардын эл аралык лагерин өткөрүү жаштардын илимий дараметин өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ШКУ мейкиндигиндеги илим жана билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбалар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калат