IZhO-2026: ОКУУЧУЛАР XXII ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 11 МЕДАЛЬ ЖЕҢИШТИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Январь 2026 ж. 11:43

Көрүлдү: 299

Кыргызстандын окуучулар курама командасы 2026-жылдын 10-15-январында Алматы шаарында өткөн математика, физика жана информатика боюнча XXII Эл аралык Жаутыков олимпиадасында (IZhO2026) эки алтын, үч күмүш жана алты коло медаль жеңип алды.

post.title

Олимпиадага Армения, Азербайжан, Беларусь, Болгария, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Россия, Румыния, Тажикстан, Түркмөнстан, Индонезия, Индия жана Өзбекстандан 600дөн ашуун окуучу катышты. Кыргызстандын курама командасында 33 катышуучу барды.

Математика боюнча:

  1. Акимов Ариет, 8-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби – алтын медаль;
  2. Саят Арлан, 8-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби – алтын медаль.

Машыктыруучулар: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол.

  1. Акимканов Данияр, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – коло медаль.

Машыктыруучу: Байбаев Сусарбек.

  1. Адильхан Кадыров, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – коло медаль.

Машыктыруучулар: Урайымов Кылычбек, Мундузбаев Айдар.

Информатика боюнча:

  1. Ян Бобрус, 10-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль.

Машыктыруучулар: Игнатьев Анатолий, Евгений Кичак.

  1. Арапов Али, 10-класс, “Сейтек STEM” мектеби – күмүш медаль;
  2. Мананов Рамазан, 10-класс, Сейтек STEM” мектеби – коло медаль;
  3. Абдирасулов Абдуллахан, 10-класс, Сейтек STEM” мектеби – коло медаль.

Машыктыруучулар: Урайымов Кылычбек, Мундузбаев Айдар.

Физика боюнча:

  1. Эмильбеков Айтегин, 11-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;
  2. Салиев Темирхан, 11-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби – коло медаль;
  3. Туташбаев Умар, 10-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби – коло медаль.

Машыктыруучулар: Өмүрканов Тургунбек, Сидоренко Андрей, Алмурза уулу Алтынбек.

 IMPACT машыктыруучулар арасындагы олимпиадада медаль алган тренерлер:                                                 Математика боюнча:                  

  1. Эшперов Нурсултан, “Газпром” олимпиадалык борбору – алтын медаль;
  2. Киргизбаев Назар, “Газпром” олимпиадалык борбору – алтын медаль;
  3. Ишматов Махамадхан, “Газпром” олимпиадалык борбору – күмүш медаль;
  4. Асанкадыров Айдин, “Газпром” олимпиадалык борбору – коло медаль;
  5. Бекжол Жолдубай уулу, “Газпром” олимпиадалык борбору – коло медаль.

Физика боюнча:

  1. Сидоренко Андрей, “Маариф” олимпиадалык комплекси – алтын медаль;
  2. Сабыров Чынтемир, “Нано” олимпиадалык борбору – күмүш медаль;
  3. Өмүрканов Тургунбек, “Газпром” олимпиадалык борбору – коло медаль.

Командалык эсепте “Газпром” олимпиадалык борбору IMPACT олимпиадасында биринчи орунду ээлеп, Мыкты команда номинациясына татыктуу болду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар