БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДИРЕКТОРУНУН КЫЗМАТ ОРДУНА КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Январь 2026 ж. 10:27

Көрүлдү: 1053

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын жетекчисинин кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Талапкерге квалификациялык талаптар:

  1. жогорку кесиптик билиминин болушу;
  2. билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  3. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Өздүк арыз;
  2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
  3. Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
  4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн  билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же  иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.
  10. Дело №.

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2026-жылдын 19-январы.

Документтердин сканерленген көчүрмөлөрү aermek@edu.gov.kg электрондук дареги аркылуу 2026-жылдын 30-январы саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

Маалымат алуу үчүн: 0312 62 05 09.

Арыздын үлгүсү тиркелет

Тиркеме

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар