Автор: Маалыматтык саясат сектору
16 Январь 2026 ж. 15:40
Көрүлдү: 541
Бүгүн, 16-январда, агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева “Билим берүү системасындагы санариптик платформаларды иштетүү жана жасалма интеллекти колдонуу” аталышындагы форумга катышты.
Аталган форум Ысык-Көл облусунун Түп районунда өтүп, ага 300дөн ашуун мугалим катышууда.
Иш-чаранын алкагында Лира Самыкбаева “Санариптештирүү жана жасалма интеллект доорундагы Кыргызстандагы билим берүү” темасында презентация жасады. Презентацияда ал билим берүү тармагында бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүү маселесине токтолду.
Анын айтымында, бирдиктүү санариптик экосистеманын негизин үч ири реестр түзөт. Алар — окуучулардын, педагогдордун жана билим берүү уюмдарынын реестрлери. Бул реестрлер бардык маалыматты бир жерде топтоого мүмкүндүк берип, мамлекеттик органдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, ошондой эле билим берүү тармагындагы процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатат.
Форумдун жүрүшүндө жалпы билим берүү системасында санариптик билим берүү платформаларын, электрондук күндөлүктөрдү, окуучулар жана мугалимдердин реестрлерин, аналитикалык системаларды жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери кеңири талкууланууда.