Автор: Маалыматтык саясат сектору
16 Январь 2026 ж. 13:00
Көрүлдү: 414
16-январда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын үчүнчү күнүндө Айтматов районундагы билим берүү уюмдарына барды.
Министр алды менен Жылдызбек Субанбеков атындагы орто мектепке барып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты.
Ошондой эле окуучулар менен жолугуп, жаңы муундагы окуу китептери боюнча пикир алышты. Мугалимдер менен электрондук күндөлүк, «АИС Мугалим» санариптик платформа жана «Алтын-Казык» ноутбуктарынын иштешин талкуулап, сунуштарын укту.
Андан соң министр Токтогул Бабанов атындагы жатак мектепте болуп, педагогикалык жамаат менен билим берүүдөгү актуалдуу маселелерди талкуулады.