ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА №51 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ ПЛАНДАН ТЫШКАРЫ БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

15 Январь 2026 ж. 15:41

Көрүлдү: 340

Бүгүн, 15-январда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас районундагы №51 кесиптик лицейге пландан тышкары барды.

post.title

Министр лицейдин окуу корпусун, ашкананын ишин, жатакананын абалын жана аймагын көрүп чыгып, окуу жайдын жетекчилигине айтылган көйгөйлөрдү жөнгө салууну тапшырма берди.

Учурда лицейде айыл чарба өндүрүшүнүн устаты-фермер адистиги боюнча 90 окуучу билим алууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар