“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ: УЛУТТУК КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО СИСТЕМАСЫНЫН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Декабрь 2025 ж. 12:24

Көрүлдү: 891

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Замана” берүүсүнө берген маегинде өлкө башчысынын тапшырмасы менен “Акылман” Президенттик лицейин ар бир облуста ачуу пландалып жатканын билдирди.

post.title

Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө Президенттин тапшырмасы боюнча “Акылман” Президенттик лицейи улуттук кадрларды даярдоо системасын түзүү багытында иштеп жатат.

“Казакстанда Назарбаевдин мисалы бар, ал өз өлкөсүндө мектептери аркылуу лидерлерди, экономикалык жана саясий башкаруу кадрларын окуткан. Бизде мурда мындай системалык кадр даярдоо жок болчу, эми ал башталды. Республика боюнча Президенттик лицейге тапшыруучулардын саны бир орунга 9-10 адамга чейин жетти. Лицейде окуучулар бекер билим алышат жана дүйнөлүк деңгээлдеги шарттар менен камсыздалат. Мисалы, жогорку окуу жайларында болбогон табигый илимдер боюнча күчтүү лабораториялар бар. Бул лабораторияларда химия, биология, физика сыяктуу предметтер боюнча дүйнөлүк олимпиадаларды өткөрүүгө болот”, – деди министр.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева учурда Таласта лицейдин имараты жана жатаканасы бүткөнүн, ал эми Манас шаарында жаңы имараттын салынып жатканын белгиледи.

Министрдин айтымында, лицейлердин аймактарда ачылышы биринчи кезекте региондорду интегралдаштырууга шарт түзөт. Мисалы, окуучулар Баткенден Таласка, Таластан Бишкекке же Нарынга барып окуй алышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар