ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА ӨТҮҮ, АЛГАЧКЫ КАДАМДАР

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Декабрь 2025 ж. 10:09

Көрүлдү: 184

Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева УТРКнын "Замана" берүүсүндө маек берип жатып, 2025-жылы өлкөнүн билим берүү системасы толугу менен 12 жылдыкка өткөнүн айтты.

post.title

«Биринчи жылы укуктук-ченемдик актылар толугу менен даярдалып, мамлекеттик стандарттар, предметтик стандарттар иштелип чыкты. Ошондой эле жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана аларды адаптациялоо иштери жүргүзүлдү. Албетте, кемчиликтер жана түйшүктөр болбой койбойт, анткени бул жандуу, масштабдуу процесс. Көптөгөн өлкөлөр бул системага узак мөөнөттө өтүшкөн, айрымдары батынган эмес. Биздин чөлкөмдө Кыргызстан өткөндөн кийин Өзбекстан өттү. Казакстан мазмундук даярдык көрүп, этап-этабы менен өтүп жатат. Грузия өткөн, ал эми Түркмөнстан 13 жыл мурун өткөн. Биз бул процессти чектелген убакытта жана чектелген ресурстар менен ишке ашырып жатабыз», — деди министр.

Д. Кендирбаева биринчи ийгилик катары «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жана «Кыргыз жараны» концепциясына негизделген мамлекеттик стандарттар кабыл алынганын белгиледи. Анын негизинде 47 предметтик мамлекеттик стандарт бекитилип, дүйнөлүк деңгээлдеги окуу китептерин мамлекет сатып алган. Министрдин айтымында, бул китептер 12 жылдык билим берүү системасында окуучулар үчүн негизги инструмент болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар