Автор: Маалыматтык саясат сектору
26 Декабрь 2025 ж. 16:23
Көрүлдү: 488
Жалпы билим берүү уюмдарында 12 жылдык окутууга багытталган жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 токтому менен бекитилди.
Жаңы кабыл алынган мамлекеттик стандарт, предметтик стандарт жана окуу программаларынын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн 21 жаңы программа иштелип чыкты, 105 программа жаңыланды.
Өлкө боюнча 50 миңден ашуун мугалим жаңы стандарттар, окуу программалары жана окутуунун заманбап ыкмалары боюнча, анын ичинде жаңы окуу китептерин колдонуу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоого болгон мамилелерди өзгөртүү боюнча окуудан өттү. Окутуулар онлайн жана офлайн форматында улантылат.