АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН ТОП-5 ЖЕТИШКЕНДИГИ: 2025-ЖЫЛЫ 4 085 450 ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКТ ЧЫГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Декабрь 2025 ж. 15:42

Көрүлдү: 304

Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууда олуттуу натыйжаларга жетишилди. 2025-жылы окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу көлөмү акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүчкө жетти.

post.title

Алсак, 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 856 548 703 сом бөлүнгөн. Акыркы 8 жылда жалпысынан 3 742 461 окуу китеби басылып чыкса, 2025-жылы 4 085 450 окуу-методикалык комплекси (УМК) басылып чыгарылды, бул 8 жылда чыгарылган көлөмдөн 9,1% көп.

Окуу китептери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясына ылайык бардык предметтер боюнча окуу китептерин жаңылоонун так этаптуу планынын негизинде басылып чыгарылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар