ЭЛ АРАЛЫК АЛМАШУУЛАР ЖАНА МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Декабрь 2025 ж. 15:01

Көрүлдү: 270

2025-жылдын 10–17-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнура Мамырова Future Leaders Exchange (FLEX) программасынын алкагында Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды.

post.title

Сапардын жүрүшүндө эл аралык окуучуларды алмашуу программаларын ишке ашыруунун механизмдери, катышуучуларды тандоо системасы, ошондой эле кабыл алуучу мектептер, үй-бүлөлөр жана программанын бүтүрүүчүлөрү менен иштөө тажрыйбасы изилденди.

Вашингтондо билим берүү тармагындагы эл аралык алмашуу программаларын өнүктүрүүгө арналган жумушчу жолугушуулар өттү. Колорадо штатында делегация Sand Creek High School жана Doherty High School мектептерине барып, окуу процесстин уюштурулушу жана чет өлкөлүк окуучуларды колдоо тажрыйбасы менен таанышты.

Ошондой эле башкармалыктын жетекчиси Жалал-Абад облусунан FLEX программасынын катышуучусу Элеонора Атамбекова менен жолукту.

Гульнура Мамырованын айтымында, министрлик FLEX программасынын мектептик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү жана маданияттар аралык диалогду чыңдоодогу салымын жогору баалайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар