АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН ТОП-5 ЖЕТИШКЕНДИГИ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН БАЛДАРДЫ КАМТУУ 50 %ГА ЖЕТТИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Декабрь 2025 ж. 11:09

Көрүлдү: 285

1997 толук күндүк типтүү бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 257,3 миң баланы түздү, бул 2024-жылга караганда 23,4 миң балага жана 85 бала бакчага көбүрөөк. Кыргыз Республикасынын Улуттук статкомунун маалыматтары боюнча пайыздык камтуу 32,3% түздү, бул 2023-2024 окуу жылына салыштырмалуу 4% га көп.

post.title

 

КР Агартуу министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн жана даярдоонун бардык түрлөрү жана формалары менен камтуу 2024-2025-окуу жылында мектепке чейинки даярдыкты эске алуу менен 44,3% түздү. Азыркы учурда райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ыкчам маалыматтары боюнча 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 50% түздү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №257 токтому менен "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилген. Аны ишке ашыруунун алкагында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү Программасы иштелип чыккан.

4-5 жаштагы балдар үчүн баланын өнүгүү картасын, методикалык көрсөтмөлөрдү жана мугалимдер, ата-энелер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн анкетаны камтыган Эрте өнүгүүнү баалоо куралы (ЭӨБК) иштелип чыкты.

560 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (500 кыска мөөнөттүү балдар бакчалары жана республиканын региондорунда 60 өнүктүрүү борборлору) түзүү боюнча иштер аяктады.

Мектепке чейинки ваучерлер системасы https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/voucher/ платформасында толугу менен автоматташтырылган. Атайын колдоо программалары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга айына 2000 сомдон 4560 сомго чейинки компенсация алууга мүмкүндүк берди. 2025-жылдын 11 айынын аягына карата 1117 ваучерге арыз катталган (сентябрь айына салыштырмалуу 366 көп). Мектепке чейинки билим берүү кызматтары үчүн ваучердик каржылоо механизмин пилоттук сыноодон өткөрүүгө 4 032 800 сом бөлүндү.

"Балалык" автоматташтырылган маалымат платформасы менчигинин түрүнө карабастан, республикадагы бардык бала бакчалардын бирдиктүү реестрин түздү.

570 бала бакчанын уктоочу жайларын натыйжалуу пайдалануу жана кошумча топторду түзүү үчүн 927 миллион сом бөлүнүүдө, бул 2024-жылга салыштырмалуу 254 миллион сомго көп. Республикадагы 358 типтүү мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча 419 топ ачылып, аларга 10 707 бала кабыл алынды. Бул кошумча топтордо 502 тарбиячы, 386 тарбиячынын жардамчысы жана 100 ашык адис (музыка жетекчилери, методисттер, кир жуучулар, санитарлар жана техникалык кызматкерлер) үчүн жаңы жумуш орундары түзүлдү.

"Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү" долбоорунун алкагында бала бакча имараттарын куруу жана оңдоо үчүн 10% жеңилдетилген насыялар берилди («Айыл банк» ААК жана «Элдик банк» ААК). 5 адамга жалпы суммасы 17,0 миллион сомдук жеңилдетилген насыялар берилди. Учурда долбоордун алкагында республика боюнча 4 бала бакча ачылды.

Жалал-Абад облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды комплекстүү колдоо боюнча "Расти в любви" долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында 800 ата-эне окутулуп, дисциплиналар аралык команданын 64 адиси даярдалды.

2025-жылы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын 25 имараты өз максатына ылайык иштөө үчүн кайтарылган. 2025-жылы 91 бала бакча ачылып, анын ичинен 32 бала бакча курулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар