Автор: Маалыматтык саясат сектору
25 Декабрь 2025 ж. 17:38
Көрүлдү: 347
In Vision U — жаш лидерлерди даярдоого багытталган эл аралык билим берүү долбоору. Ал Satbayev University университетинин колдоосу менен ишке ашырылат жана англис тилинде билим берет.
in Vision U эмнени сунуш кылат?
🔹 Foundation программасы
Айыл жергесинен жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн чыккан мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн 1 жылдык, толугу менен бекер даярдоо программасы.
Бул программа окуу акысын, жатакана, тамак-аш, жол кире чыгымдарын жана ай сайын стипендия менен камсыз кылат.
🗓 Кабыл алуу: 2026-жылдын 30-майына чейин.
Даярдоо программасын талап кылбаган окуучулар түздөн-түз бакалавриат программаларына тапшыра алышат.
🔹 Бакалавриат программасынын багыттары (акысыз окуу):
— Креативдүү инженерия
— Санарип медиа жана маркетинг
— Инновациялык санарип өнүмдөр жана сервистер
— Инновациялар социологиясы жана лидерлик
— Мамлекеттик башкаруу жана өнүгүү стратегиялары
📌 Арыз берүү мөөнөттөрү:
▶Эрте кабыл алуу: 2025-жылдын 24-декабрына чейин
▶Негизги кабыл алуу: 2026-жылдын 30-майына чейин
📞 Кошумча маалымат:
Нурхан Омарбеков
Тел.: +7 082 275 090
🌐 Толук маалымат: www.invisionu.education