Автор: Маалыматтык саясат сектору
25 Декабрь 2025 ж. 10:38
Көрүлдү: 674
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Лицензиялык контроль жүргүзүү тартибине ылайык 2026-жылы төмөнкү таблицадагы мектептер жана кесиптик лицейлер лицензиялык контролдоодон өтүшөт.
Бул тизме Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 19-декабрындагы №1500/1 буйругу менен бекитилди.