БИШКЕКТЕ ЖАШТАР ҮЧҮН КОММУНИКАЦИЯЛЫК ЖАНА КОМАНДАЛЫК КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ФОРУМ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

12 Декабрь 2025 ж. 17:44

Көрүлдү: 99

2025-жылдын 11-12-декабрында Бишкек шаарында «Команда, өнөктөштөр жана кардарлар менен натыйжалуу коммуникация жана өз ара аракеттешүүгө негизделген өнүгүү» аттуу форум өтүп, анда мамлекеттик өнөктөштөр, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан келген «VIBEs: жаштар үчүн» долбоорунун катышуучулары катышты.

post.title

Форумдун максаты – 2023–2025-жылдардагы долбоордун жыйынтыктарын чыгаруу, жаштардын киреше алып келүүчү ишмердиктеги жетишкендиктерин көрсөтүү, ошондой эле ишкердик жана командалык коммуникация көндүмдөрүн бекемдөө.

Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова белгилегендей, форум жаңы нерсени изилдөөгө, идеяларды сунуштоого даяр демилгелүү, жигердүү жана шыктанган жаштарды бириктирди.

«VIBEs жаштар үчүн» форумунда ар бир адам маанилүү маселелерди ачык талкуулап, талантын көрсөтүп, тажрыйба алмашып жана пикирлештерди таба ала турган аянтча болду. Биз үчүн жаштардын колдоону сезиши, мүмкүнчүлүктөрдү көрүшү жана алардын пикири маанилүү экенин түшүнүшү абдан маанилүү», - деп белгиледи А. Кусеинова.

Форумдун жүрүшүндө долбоордун катышуучуларынын ийгилик тарыхтары, жашоо көндүмдөрүн жана жумуш табуу көндүмдөрүн үйрөнүү алардын жеке өсүшүнө, кесиптик жолуна жана карьералык өнүгүүсүнө кандай таасир эткенин көрсөткөн чыныгы мисалдар  сунушталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар