Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Декабрь 2025 ж. 11:25
Көрүлдү: 168
Бүгүн, Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин делегациясы «Интеллектуалдык менчик жана жасалма интеллект» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (WIPO) жана Азербайжан Республикасынын Интеллектуалдык менчик агенттиги тарабынан уюштурулду.
Конференциянын алкагында катышуучулар жасалма интеллект колдонуу менен түзүлгөн продукцияларды патенттөө мүмкүнчүлүктөрү жана коркунучтары тууралуу пикир алышты. Ошондой эле ЖИ-технологияларын киргизүүдө укукка ээлик кылуу, укуктук жөнгө салуу жана жоопкерчилик маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тараптын конференцияга катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана жасалма интеллекттин активдүү өнүгүү шартында интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында алдыңкы ыкмаларды изилдөөгө багытталган.