БИШКЕКТЕ КЕСИПТИК КӨНДҮМДӨРДҮ ВАЛИДАЦИЯЛОО БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

9 Декабрь 2025 ж. 17:49

Көрүлдү: 164

2025-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында “Кесиптик көндүмдөрдү валидациялоо – эмгек рыногун өнүктүрүүгө карай кадам” аттуу Улуттук форум өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, коомдук уюмдардын, эл аралык уюмдардын жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышты.

post.title

Форумдун максаты – көз карандысыз баалоо жана кесиптик көндүмдөрдү тастыктоо системасынын ролун жалпы түшүнүүгө жетишүү, ошондой эле жумушчу күчүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мамлекет, бизнес жана билим берүү секторунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.

Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев 2023-жылы түзүлгөн Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору натыйжаларды көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Лабораториялар ачылып, кесиптик стандарттардын реестри түзүлүп, 400дөн ашык баалоо инструменттери иштелип чыгып,110 баалоочу даярдалды. Азыр 28 кесип боюнча валидация жүргүзүлүп, тизме керектөөгө жараша кеңейтилүүдө. 700дөн ашуун жаран көндүмдөрүн тастыктоо процедурасынан өттү”, - деди Мухтарбек Баймурзаев.

Агартуу министрлиги көз карандысыз сертификациялоо системасын өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү, анын ичинде процесстерди санариптештирүүнү жана региондорду тартууну толук колдой турганын билдирди. 

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар көндүмдөрдү баалоонун жана таануунун улуттук тутумун түзүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилеп, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар