Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Декабрь 2025 ж. 16:51
Көрүлдү: 151
Бүгүн, 9-декабрда, Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Альберт Махметкулов, Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова, Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин инфекциялык эмес оорулардын санитардык көзөмөл бөлүмүнүн балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы боюнча адиси Мария Кушубакова, «Түндүк» ачык акционердик коомунун Санарип билим берүү департаментинин директору Бектурган Бабаев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынына катышты.
Маалымат жыйында министрдин орун басары, Өкмөттүк акселераторлордун алкагында бир нече министрликтин катышуусу менен жумушчу топ түзүлгөнүн белгилеп, кыска убакыттын ичинде бир топ иштер аткарылып, жакшы жыйынтыктарга жетишилгенин айтты. Эң негизгиси – адам фактору жоюлуп, бардык процесстер онлайн форматта жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
Жаңы тартипке ылайык, лицензиялоо толугу менен электрондук форматка өтүп, арыздарды кароо 30 күндөн 20 күнгө кыскарды.
Эми жеке менчик мектеп ачууга ниеттенген жарандар https://license.edu.gov.kg порталы аркылуу кирип, керектүү документтерди электрондук түрдө тапшыра алышат.
Мектептин уставын министрлик менен макулдашуу талабы, лицензияга чейинки комиссия жана лицензиялык кеңеш жоюлду. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинен санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутунду 30 күндө эмес, 3–7 күндө бериле турган болду.
Ошондой эле лицензиялык талаптарга туура келген бардык зарыл документтер бар болгон учурда лицензия алуу жөнөкөй жана тезирээк болот. Бул үчүн аймактык билим берүү органдарына же Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттарына кайрылууга болот. Адистер лицензия алуу боюнча кеңеш жана жардам көрсөтүшөт.
Маалымат үчүн мурдагы көйгөйлөр:
• Лицензия алуу процедурасы 4 айдан ашык созулуп келген.
• Имаратты кайра профилдөө жана корутундуларды алуу татаал болгон.
• Санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча уруксаттар 30 күнгө чейин берилген.
• Кагаз документтер көп болгондуктан бюрократия жана документ кайтаруулар көп кездешкен.
• Лицензиялык комиссия жана лицензиялык кеңеш чечимди узак кабыл алган.
• Кагаз жүзүндө лицензиянын бланкасын даярдоо менен байланышкан техникалык жумуштар көп болгон.