Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Декабрь 2025 ж. 10:52
Көрүлдү: 196
Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева ICESCO, Гейдар Алиев фонду жана Азербайжандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган «Launch of the AI Index for the Islamic World» аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Министрдин орун басары өз сөзүндө билим берүү системасына жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстандын санариптик трансформациясынын негизги багыттары менен тааныштырды. Алардын катарында-мугалимдердин портфолиосун талдоодо жасалма интеллектти колдонуу, Э-Күндөлүк” электрондук күндөлүгүнө жасалма интеллекттин инструменттерин интеграциялоо, ошондой эле адаптивдүү билим берүү сервистерин иштеп чыгуу.

Ошондой эле ал эл аралык өнөктөштөрдү үч негизги багыт боюнча кызматташууну тереңдетүүгө чакырды: мектептердин санариптик жана STEM-инфраструктурасын өнүктүрүү, негизги предметтер боюнча негизги предметтер боюнча ЖИ-тюторлорду биргеликте иштеп чыгуу жана пилоттоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана санариптик компетенцияларын бекемдөө.
Кыргызстан ICESCO’нун өлкөлөрдүн жасалма интеллектти колдонуу даярдыгын баалоого жана ислам дүйнөсү алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөкчү маанилүү инструмент катары AI Index түзүү демилгесин колдоорун билдирди.