WORLDSKILLS ASIA TAIPEI 2025: КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ “BEST OF NATION” НААМЫНА ЭЭ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

8 Декабрь 2025 ж. 17:21

Көрүлдү: 221

Кыргыз Республикасынын улуттук командасы – кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары – Тайбэй шаарында өткөн WorldSkills Asia Taipei 2025 эл аралык чемпионатына катышты.

post.title

Чемпионатта “Ширетүү технологиясы” компетенциясы боюнча №28 кыргыз-орус кесиптик лицейинин бүтүрүүчүсү Мавланбек Исманов Кыргызстанды татыктуу деңгээлде тааныткандыгы үчүн “Best of Nation” наамына ээ болду.

Кыргызстан аталган эл аралык чемпионатка төрт компетенция боюнча катышты:
• “Ашпозчулук иши” – Нурлан уулу Азат
• “Мода технологиясы” – Ренадов Аймир
• “Ширетүү технологиясы” – Исманов Мавланбек
• “Веб-технологиялар” – Тогузбаев Даниэль

Кесиптик лицейлердин окуучуларынын мындай ири эл аралык таймашка катышуусу өлкөдө кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана жаш адистерди дүйнөлүк деңгээлде таанытууда маанилүү кадам болуп калды.

Кыргызстан кийинки жылы WorldSkills Shanghai 2026 дүйнөлүк чемпионатына 10 компетенция боюнча кеңейтилген курам менен катышууну пландаштырууда.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Ворлдскиллс Кыргызстан"  коомдук фондуна, өнөктөштөргө жана демөөрчүлөргө WorldSkills кесиптик чеберчилик кыймылын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирет.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар