Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Декабрь 2025 ж. 11:36
Көрүлдү: 215
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Айдоочуларды даярдоо боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/5515 жайгаштырылды.
Буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 9 жана 13-беренелерине, ошондой эле КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун аткарууга багытталат.
Долбоордун негизги максаты — айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү процессин бирдиктүү стандарттарга алып келүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу.