АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ЯПОНИЯНЫН “GAKKEN HOLDINGS” КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

5 Декабрь 2025 ж. 17:20

Көрүлдү: 325

Бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Япониянын “Gakken Holdings” компаниясынын Глобалдык стратегиялар бөлүмүнүн аткаруучу директору Токура Ацуши менен жолукту.

post.title

Жолугушууда япон тарап “Gakken Holdings” компаниясынын STEM багыты боюнча окутуу программасы тууралуу презентация жасады. Презентацияда билим берүү компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү, окутуунун форматы, STEM системасынын зарылдыгы жана окуу куралдары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Министр япониялык компаниянын сунуштары караларын жана алар боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилигинде жумушчу топ түзүлөрүн билдирди. 

Маалымат үчүн: “Gakken Holdings” компаниясы Японияда билим берүү, медицина жана социалдык тейлөө тармактарында иш алып барган ири компания болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар