Автор: Маалыматтык саясат сектору
5 Декабрь 2025 ж. 16:47
Көрүлдү: 258
Бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбековдун “Президент Садыр Жапаров – Жаңы Кыргызстандын жаратманы” аттуу китебинин бет ачары өттү.
Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, КР Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, академиктер жана коомдук ишмерлер катышты.
“Лидерлер басып өткөн жолу, күчтүүлүгү жана эрктүүлүгү менен айырмаланат. Илимий жана далилдүү фактыларга таянуу менен жазылган китебиңизде Кыргызстандын тарыхы менен экономикасы терең талданыптыр. Бул эмгек жаштар үчүн лидерлердин иши жана жашоосу тууралуу билүүсүнө мыкты курал”, – деди Догдуркүл Кендирбаева.
Китепте президент Садыр Жапаровдун балалык жана өспүрүм кезинен тартып, өз алдынча жасаган алгачкы кадамдары, мамлекетти башкаруунун оптималдуу моделин издөө жолу, жүргүзгөн реформалары жана жетишкендиктери тууралуу баяндалат.