Автор: Маалыматтык саясат сектору
2 Декабрь 2025 ж. 18:01
Көрүлдү: 193
Бишкек шаарындагы №98 Байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинин “Чач тарач-визажист” адистигинин 2-курсунун окуучусу Чынара Байыш кызы “Asia Global CUP 2025” эл аралык чемпионатында II орунду ээледи.
Ошондой эле ушул адистикте билим алган окуучу Арсен Болотбеков чемпионатка активдүү катышып, жогорку даярдыгын көрсөттү.
2025-жылдын 28-ноябрында Алматы шаарында өткөн Азиянын экинчи эл аралык Asia Global CUP 2025 чемпионатына 12 мамлекеттен 200дөн ашуун катышуучу катышкан.