АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖЕКЕ МЕКТЕП АЧКЫСЫ КЕЛГЕНДЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ ТАЛАПТАР ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

2 Декабрь 2025 ж. 17:33

Көрүлдү: 165

Бүгүн, 2-декабрда, Агартуу министрлигинде жеке менчик мектеп ачууну пландап жаткан жарандар менен жолугушуу өттү. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучулар онлайн дагы кошулушту.

post.title

Иш-чарада Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова катышуучуларга жаңы лицензиялык талаптар жана лицензияны толугу менен онлайн алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Эми жеке мектеп ачуу үчүн эч бир мамлекеттик органга барбастан, бардык документтерди https://license.edu.gov.kg/ сайты аркылуу тапшырып, лицензияны электрондук форматта алууга болот.



Бул жаңылануу мамлекеттик кызматтарды санариптештирип, ашыкча кагаз иштерин жана кезектерди жоюуну максат кылат. Мындан ары лицензия алуу процесси кыйла жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар