КР АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛДӨРҮ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА 11-ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМГА КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

2 Декабрь 2025 ж. 15:10

Көрүлдү: 135

Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов менен Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул Маматов Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан «Applying a fresh lens to unlock the power of human capital» аттуу билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча 11-Эл аралык форумга катышууда.

post.title

Форумдун алкагында адамдык капиталды өнүктүрүү, кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо, инновацияларды киргизүү жана билим берүү саясатын өркүндөтүү боюнча маселелер талкууланат.

Иш-чарага Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташкан 40тан ашуун өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар