Автор: Маалыматтык саясат сектору
2 Декабрь 2025 ж. 11:50
Көрүлдү: 299
2025-жылдын, 1-декабрында, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов жана анын орун басары Айбек Кудайкулов менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кесиптик бирликтин учурдагы ишмердүүлүгү, жакынкы пландары жана кызматташуу маселелерин талкуулашты.