Автор: Маалыматтык саясат сектору
28 Ноябрь 2025 ж. 18:04
Көрүлдү: 459
2025-жылдын 1-декабрынан 3-декабрына чейин Бишкек шаарында окуучулар үчүн финансылык коопсуздук боюнча биринчи Республикалык олимпиада өтөт.
Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин 9, 10 жана 11-класстарынын окуучулары катышууга чакырылат. Катышуу үчүн окуучулар 2025-жылдын 17-ноябрынан 30-ноябрына чейин https://sodrujestvo.org/ дареги боюнча «Содружество» платформасына катталып, 1-декабрдан 3-декабрга чейин тандоо тестинен өтүшү керек.
100 мыкты катышуучу финалдык турга чакырылат. Жыйынтыктарды жарыялоо жана сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 13-декабрында өтөт.
Олимпиаданын максаты — жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, шектүү финансылык операцияларды таануу көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле өспүрүмдөрдүн алдамчылык схемаларга аралашуусунун алдын алуу.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери жыл сайын Россия илимдер академиясынын П.Н.Лебедев атындагы Физика институтунун окуучулар менен студенттерди олимпиадага даярдоо борбору тарабынан өткөрүлүүчү Финансылык коопсуздук боюнча жайкы жана кышкы мектептерге катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Мындан тышкары, алар 2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин Россия Федерациясынын Красноярск шаарында өтө турган финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадага катышууга көрсөтүлөт.
Олимпиаданын уюштуруучулары –Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Россия Илимдер академиясынын П.Н. Лебедев атындагы Физика институтунун окуучулар менен студенттерди олимпиадага даярдоо борбору.
Иш-чаранын өнөктөштөрү ˗ «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК жана «ВиЧейндж» ЖЧК.