Автор: Маалыматтык саясат сектору
28 Ноябрь 2025 ж. 11:13
Көрүлдү: 259
Кыргызстандын билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Билим берүүнүн ардагери, СССР эл агартуусунун отличниги Жеңиш Отунчиев 2024-жылдын 26-ноябрында 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жеңиш Отунчиев 1943-жылы 23-октябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, өз өмүрүн билим берүү тармагына арнаган.
Эмгек жолу:
• 1967–1971 – Чаек айлындагы Москва орто мектебинин физика мугалими;
• 1971–1973 – Нарын областтык элге билим берүү башкармалыгынын методикалык кабинетинин башчысы;
• 1973–1979 – Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
• 1979–1981 – Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директорунун орун басары;
• 1981–1985 – Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
• 1986–1988 – Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунда ага окутуучу, методкабинеттин башчысы;
• 1988–1993 – Бишкек шаарындагы №69 окуу комплексинин директору;
• 1993–1998 – КР Өкмөтүнүн алдындагы гуманитардык жардамды пайдалануу комиссиясынын улук кызматкери;
• 1998–2003 – Кыргызпатенттин алдындагы Инновация борборунун директору.
1989-жылы Кыргызстанда биринчи жолу №69 мектеп комплексинин базасында Украинадагы мамлекеттик педагогикалык университет иштеп чыккан “бала бакча-мектеп-жогорку окуу жайы” окуу методикасын киргизип, ал кыска мөөнөттө жакшы натыйжасын берген.
Отунчиев Жеңиш билим берүүнүн бардык баскычында кынтыксыз иштеп, жогорку кесипкөйлүгү жана бийик адамгерчилиги менен оозго алынган.
Кесиптештери жана окуучулары аны өз ишине берилген чыныгы педагог жана насаатчы болгонун белгилешет.
Отунчиев Жеңиштин Кыргызстандын билим берүүсүнө кылган ак эмгеги жана жаркын элеси анын замандаштарынын, кесиптештеринин жана окуучуларынын эсинде сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайрат айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Д.Ш. Кендирбаева, М.А. Баймурзаев, А.Д. Махметкулов, Н.С. Джусупбекова, Л.А. Самыкбаева, Н.К. Дюшеева, А.Д. Токтомаметов, К.А. Чекиров, С.Байгазиев, С.К. Рысбаев, Р. К. Султанов, С.Т. Атаева жана бардык педагогикалык коомчулук.