Автор: Маалыматтык саясат сектору
27 Ноябрь 2025 ж. 12:01
Көрүлдү: 274
26-ноябрда Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында Бишкек шаарындагы мектеп директорлору үчүн “Арабаев – Жети күн” спектакли көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө театрдын директору Акылбек Алыбаев билим берүү менен маданияттын тыгыз байланышы балдардын руханий өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизерин белгилеп, мектептер менен театрлардын кызматташтыгын кеңейтүүгө чакырды.
Спектаклди көргөн мектеп директорлору өз пикирлерин бөлүшүп, алдыдагы биргелешкен иш-чаралар боюнча сунуштарын беришти.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улуу инсандардын эмгектерин даңазалоо жана Ишеналы Арабаевдин агартуучу, коомдук ишмер катары тарыхый ордун коомчулукка даңазалоо.
Спектакль билим берүү тармагынын жетекчилерине жана мугалимдерге руханий дем берип, өлкөнүн маданий өнүгүүсүнө көңүл бурууга багытталган.