МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

27 Ноябрь 2025 ж. 10:35

Көрүлдү: 312

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына негизги мониторинг жүргүзүү үчүн көз карандысыз уюмдан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендер жарыялайт.

post.title

Мониторинг Агартуу министрлиги жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлөт.

Тендердин максаты – “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билим берүүнүн сапатын комплекстүү баалоону ишке ашырууга жөндөмдүү көз карандысыз уюмду аныктоо.

Тендерге билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана баалоо боюнча тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттер жана кесиптик уюмдар катышууга чакырылат.

Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар порталында жеткиликтүү: http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=538188476

Сатып алуу жол-жобосунун номери: 251125538188476

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар