БИШКЕКТЕ ДОХАДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК САММИТТИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА КИЙИНКИ КАДАМДАР ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

25 Ноябрь 2025 ж. 18:26

Көрүлдү: 527

Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкекте социалдык өнүгүү боюнча Экинчи Дүйнөлүк саммитинен кийин Кыргызстандын мындан аркы кадамдары боюнча талкуу өттү. Саммит 4–6-ноябрда Катардын Доха шаарында өткөн.

post.title

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар адамдык капиталды өнүктүрүү, тармактар аралык өз ара аракеттенүү жана Доха декларациясынын аткарылышын, ошондой эле Кыргызстандын декларация боюнча жетишкендиктерин жана Улуттук өнүктүрүү программасы-2030ду талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкө социалдык колдоону күчөтүүгө жана адамга багытталган мамлекеттик саясатты түзүүгө багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүүдөгү реформалар келечектеги адамдык капиталды калыптандыруунун негизги элементи болуп саналарын белгиледи.

“Бүгүн Кыргызстан келечектеги адамдык капиталыбыздын сапатын аныктай турган жаңы билим берүү системасын түзүүдө тарыхый кадам таштап жатат. Биздин багытыбыз дүйнөлүк тенденцияларга толугу менен дал келерин Дохадагы жолугушуулар көрсөттү. Биз билим берүү программалары, инфраструктура, санариптештирүү, гендердик теңчилик жана инновациялар боюнча бизди колдоого даяр өнөктөштөрдү тарттык. Мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана эксперттердин биргелешкен ишинин аркасында гана биз ар бир баланын келечегин бекемдей турган сапаттуу билим берүүнү камсыздай алабыз”, - деди министр.

Консультациялардын алкагында катышуучулар туруктуу каржылоо, адамдык капиталды өнүктүрүү жана УӨП-2030 максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттин өнөктөштөр менен кызматташуу маселелерин карашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар