АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА АВСТРИЯ ТУРИЗМ ТАРМАГЫНДАГЫ ӨНӨКТӨШТҮКТҮ КЕҢЕЙТЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

24 Ноябрь 2025 ж. 18:38

Көрүлдү: 396

Бүгүн, 24-ноябрда, Агартуу министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева Австрия делегациясы менен жолугушту. Делегациянын курамына Австриянын Федералдык каржы министрлигинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын адистери жана Австриянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (aed — Best Practice Austria) дипломатиялык кеңешчиси кирди.

post.title

Тараптар кесиптик, техникалык жана туристтик билим берүү тармагындагы, анын ичинде Леобен тоо-кен университети жана «Klessheim» туристтик колледжи менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Австрия тарап окуу программаларын түзүүгө колдоо көрсөтүүгө, эксперттерди жана инструкторлорду тартууга, ошондой эле туризм жана мейманкана менеджменти боюнча лекцияларды уюштурууга даяр экенин билдирди.

Министр Догдуркүл Кендирбаева кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан тоолуу өлкө катары туризм тармагын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Австриянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (aed — Best Practice Austria) ортосунда биргелешкен жумушчу топ түзүү жөнүндө документке кол коюшту.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар